Новое Распределяем каналы MAX по категориям и территориям. Читать новость

Кээде ушул каналга эмне деп пост жазарымды билбей калган учурлар болот. Оюмда ар кандай нерселер айланат. Кээде ушундай жашоо тууралуу ойлор келет, кээде таптакыр тентек, курч постторду жазгым келет.


Бирок анан өзүмдү өзүм токтотом.
Койчу, муну да жазбай эле коёюн, тынч жүрөйүн деп.
Кээ бир ойлорду ичке сактаган да жакшы окшойт деп ойлоп коём.
Ошентип, бүгүн силер менен жашоо, шүгүрчүлүк, бакыт жана жакшы ниет тууралуу ойлорумду бөлүшкүм келди.
Ар бирибизге Алла Таала өз ырыскыбызды, бактыбызды, жакшылыгыбызды насип кылган.
Эң негизгиси ошол ырыскыны таза ниет менен, адал эмгек менен пайдаланып, жакшылыкка жумшай билүү.
Жашоодо ар кандай учур болот.
Бүгүн күлүп жүрсөк, эртең сыноого туш болушубуз мүмкүн.
Бирок кандай күн болбосун,Аллага шүгүр деп айта билүү чоң бакыт.
Байлык, акча, кымбат буюмдар бул дүйнөнүн убактылуу нерселери.
Биз кээде бакытты ошолордон издеп, колубузда бар жакшылыктардын баркын билбей калабыз.
Чындыгында, тынчтык, ден соолук, үй-бүлөнүн ынтымагы жана жакындарыбыздын амандыгы эң чоң байлык.
Айылдагы жөнөкөй үй-бүлөлөрдү карагылачы.
Эки бөлмөлүү үйү, бир аз малы, дыйканчылыгы, күнүмдүк түйшүгү бар. Бирок дасторкону жөнөкөй болсо да, жүздөрүндө жылмаюу, жүрөктөрүндө шүгүр, үйүндө ынтымак бар.
Бакыт деген сөзсүз эле бай болуу эмес. Бакыт колуңда бар нерсеге каниет кылып, эртеңки күнгө үмүт менен карап жашоо.
Кыйынчылыгын элге көрсөтпөй, ичинен күрөшүп, баары бир жылмайып жүргөн адамдар да бар.
Алардын күчү сабырында, жүрөгүнүн тазалыгында.
Биз тагдырыбыздагы ар бир сыноону тандай албашыбыз мүмкүн.
Бирок ага кандай мамиле кыларыбызды, кандай ниет менен жашарыбызды жана кандай аракет кыларыбызды өзүбүз тандай алабыз.
Башкалардын жашоосуна суктанардан мурун, өзүбүздүн жашообуздагы жакшылыктарды санап көрөлү.
Балким, биз бакыт деп издеген нерсе колубузда эле жүргөндүр.

Бирок тентек постторум да ичимде кезегин күтүп турат.
Кээде өзүмдү кармабай эле жазып жиберсем, таарынбагыла.

Бизде дагы жаңы ИМО бөлмөсү жакында эле пайда болду, ал жерге да баш багып турсаңыздар да болот. Ал бөлмөдө максималдуу 10 адамга чейин түздөн-түз эфирде онлайн баарлашуу болот жана кааласа чат аркылуу баарлашуу!
Жакында сиздер менен түз баарлашуу боюнча мөөнөттү тактап туруп, андан соң каалоочулар болсо мындай эле таанышып сүйлөшүп конференц байланыш калаарбыз!
Шилтеме аркылуу өтсөңүздөр болот, кимде ИМО аккаунт болсо... https://s.imoim.net/gmSu7g?from=copy_link
Просмотры: 190
Открыть в MAX Сообщить о неточности

Сообщить о неточности

Опишите, что нужно исправить. Если есть источник, добавьте ссылку.

Вы покидаете datool.ru

Ссылка ведёт на внешний сайт. datool.ru не отвечает за его содержимое — проверьте адрес, прежде чем вводить пароли или платёжные данные.

Переход через 10 с

Перейти